БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кремлдин сайтына президент Владимир Путиндин Улуу Ата Мекендик согуштун башталышынын 80 жылдыгына арнап жазган макаласы жарыяланды.
Ой толгоо германиялык Die Zeit апталык басылмасына чыккан.
Төмөндө тексти толук берилет:
1941-жылы 22-июнда, мындан туптуура 80 жыл илгери, нацисттер Европаны дээрлик каратып алып, СССРге кол салган. Совет эли үчүн Улуу Ата Мекендик согуш башталган. Бул биздин өлкөнүн тарыхында кан суудай аккан учур болду. Миллиондогон адамдар курман болуп, экономика менен маданий мурастарыбызга оңбогондой сокку урулду.
Биз Кызыл армиянын, тылдагылардын каармандыгы жана эрктүүлүгү менен сыймыктанабыз. Алар Мекенибиздин эркиндигин, баалуулугун эле эмес, Европа менен дүйнөнү көз карандылыктан сактап калышты.
Өткөн тарыхтын барактарын кимдер, кайсы тарап болбосун башкача жазып чыгууга аракет кылбасын, чындык – советтик жоокердин Германиянын аймагына өч алуу үчүн эмес, жакшы ниет, улуу миссия, тагыраагы, куткаруучу катары киргени болду. Биз үчүн ал баатырларыбыздын, улутчул баскынчылык менен күрөшкөндөрдүн элеси өтө ыйык. Улуу Жеңишти жакындаткандар — гитлерчилерге каршы коалициянын союздаштарын, фашисттик немистерге жасалган каршылыктын катышуучуларын да ыраазы болуу менен эстейбиз.
Дүйнөлүк согуштун азап-тозокторун, үрөй учурган учурларын баштан өткөрүп, Европанын эли чоочундуу, касташуу сезимин жеңип, өз ара ишеним менен сыйлашууну калыбына келтирип, биримдикке баш коюп, өткөн кылымдагы европалык трагедияны аягына чыгара алды.
Мындай Европанын калыптанышына, чыгышта жашаган биздин эл менен бириккен заманбап Германиядагы немистердин тарыхый элдешүүсү болуп көрбөгөндөй ролду ойногондугун өзгөчө белгилеп кетким келет. Алар чыгышта жана батышта – бириккен заманбап Германияда жашап турушканын эске алуу шарт.
Дал ошол немис ишкерлери согуштан кийинки жылдарда биздин өлкөдөгү кооперативдин жарчылары болгондугун эске сала кетейин. 1970-жылы СССР менен ФРГнын ортосунда "кылымдын келишими" түзүлгөн – бул Европага жаратылыш газын узак мөөнөттө берүү болчу. Ал конструктивдүү өз ара байланыштын, дымагы күчтүү, келечектүү көп жылдык долбоорлордун, анын ичинде "Түштүк агымы" газ түтүгүнүн курулушуна себепкер болду.
Биз кансыз согуштун соңу Европанын жеңиши менен аяктайт деп ишенгенбиз. Бир аз убакыттан кийин эле Шарль де Голлдун бирдиктүү континент тууралуу кыялы турмушка ашып, ал тургай "Атлантикадан Уралга" чейин турмак, маданий, цивилизациялуу түрдө Лиссабондон Владивостокко чейин узарчудай сезилген.
Дал ушул логика менен жалпы баалуулуктар, кызыкчылыктар – Чоң Европаны куруу деген ниетке өз ниетин түздөп, Россия европалыктар менен өзүнүн алака-катнашын өнүктүрүүгө баш койгон. Биз жактан да, Европалык биримдик жактан да бул сапарда көп иштер жасалган.
Бирок башка ыкма артыкчылык кылып кетти. Анын негизинде кансыз согушка ыктаган Түштүк атлантикалык альянсты кеңейтүү деген нерсе жатты. Ал негизи өткөн доордогу мезгилдердин карама-каршылыктары үчүн түзүлгөн эмеспи.
Советтик жетекчилик бириккен Германияны НАТО мүчөлүгүнө дээрлик макул болгон кезде блоктун чыгышты көздөй бет алышы Европада өз ара ишенимдин кетишине себеп болду. "Сиздерге каршы багытталган эмес", "блоктун чек арасы кыйла алыс болот" деген убаданын баары куру сөз болуп, тез эле унутулуп калды. Бирок прецедент жаралды.
1999-жылдан бери НАТОну кеңейтүүгө беш ирет аракет болду. Уюмга 14 мамлекет, анын ичинде мурунку союздук республикалар, мүчө болуп, бөлүп-жарбай турган сызыгы жок континент боюнча үмүттү жокко чыгарды. Бул тууралуу СДПГ лидерлеринин бири Эгон Бар 80-жылдары айтып-деп, Германиянын бириктирилишинен кийин СССРди да, АКШны да катыштырып, Европанын жалпы коопсуздук системасын кайра түзүүнү сунуштаган. Бирок СССРде да, АКШ да, Европада да аны уккан киши болгон эмес.
Анын үстүнө бир катар мамлекеттер жасалма тандоонун алдында турган же көпчүлүктүн башы бириккен Батышка ыктап, же Россия менен калышы керек эле. Мындай алып караганда бул ультиматум болгон. Агрессивдүү саясаттын кесепетин 2014-жылы Украина башынан кечирген каргашадан көрдүк. Европа аталган өлкөдөгү антиконституциялык куралдуу төңкөрүштү колдоп берди. Баары ушундан башталды. Эмне кереги бар эле? Ошол кездеги президент Янукович оппозициянын бардык талабына макул болуп калган болчу. АКШ эмнеге төңкөрүш уюштуруп, Европа аны ооз ачпай колдоп берди? Мындай кадам Украинанын өзүнө жик салып, Крымдын бөлүнүп кетишин шарттады.
Бүгүнкү күндө Европадагы коопсуздук системасы деградацияга учурады. Чыңалуу күчөп, курал-жарак жарышынын жаңы тобокелчиликтери пайда болуп жатат. Кооперация сунуштап жаткан ири мүмкүнчүлүктөн кол жууп кала турган болдук. Ушу тапта, баарыбыз пандемия жана анын кесепети сыяктуу оор күндөрдү башыбыздан кечирип турган маалда, кооперациянын мааниси олуттуу эле.
Эмне үчүн мындай болуп жатат? Анан да кандай жыйынтык чыгарышыбыз керек? Тарыхтын кайсы сабактарын эске алуу зарыл? Менимче, континенттин коопсуздугун камсыздоо жана аны өстүрүп-өнүктүрүү бардык мамлекеттин, Россиянын да, биргелешип жасаган аракетинен көз каранды. Анткени Россия — Европадагы ири өлкөлөрдүн бири. Мындан улам Европа менен ажырагыс маданий жана тарыхый байланышты сезип-туюп турабыз.
Биз адилеттүү жаратмандыкка ачыкпыз. Муну Атлантикадан Тынч океанына чейин кызматташуу жана коопсуздук боюнча бирдиктүү мейкиндик түзүү идеябыз тастыктап турат. Ага ар кыл интеграциялык форматтарды, Европа бирикмесин да, Евразиялык экономикалык бирикмени да кошууга кызыкдарбыз.
Кайталап өтөйүн, Россия Европа менен толук кандуу өнөктөштүккө даяр. Кызматташуу үчүн сунуштай турган идеяларыбыз да арбын. Бул — коопсуздук, стратегиялык туруктуулук, саламаттык сактоо жана билим берүү, санариптештирүү, энергетика, маданият, илим жана технологиялар, климат жана экология маселелерин чечүү.
Аалам өзгөрүп, улам жаңы кооптуулуктарга туш болууда. Мындан улам өткөнгө улам кылчайып, эски таарынычтарды, катачылыктарды бетке кармап отура бере албайбыз. Бул актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө тоскоол боло турган жүк. Кетирген кемчиликтерибизди мойнубузга алып, аларды оңдоого аракет кылышыбыз керек. Баарыбыздын башыбызды бириктире турган максат — Европа жана жалпы дүйнөнүн өсүп-өнүгүшү үчүн бөлүнүп-жарылбай жалпы континенталдык коопсуздукту камсыздап, тең укуктуу кызматташуу үчүн бирдиктүү мейкиндик түзүү.