Паспортту бекер берүү улуттук кампаниясынын убактысы чектелүү. Анткени биз канча киши кайрылып, кандай суммадагы каражат кетерин аныктап чыгуубуз зарыл. Бул тууралуу Бакыт Конушбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтмында, аталган акциянын негизинде паспорт алгандарга бардык кызматтар акысыз көрсөтүлөт. Тактап айтканда, сүрөткө түшкөнүнөн баштап кызматтардын дээрлик баарына акча төлөшпөйт.
"Балдар үйүнүн 18ге чыга элек бүтүрүүчүлөрү, томолой жетимдер, карылар үйүндө жашаган 70 жаштан өйдө курактагы жарандар, Улуу Ата Мекендик согуштун, Баткен коогалаңынын катышуучулары жана мамлекет тарабынан толук колдоого алынган майыптар 31-августка чейин ID-карта паспортун акысыз ала алышат. Аталган кампаниядан кеч калгандар кадимки коюлган наркын төлөп калат. Бул улуттук кампаниянын негизги максаты жогорудагы категориядагы адамдарга акысыз паспорт берүүнү туруктуу киргизүү үчүн анализ жасоо болуп саналат. Ошон үчүн биз убактысын чектедик. Тактап айтканда, аталган мөөнөттө канча киши бекер паспорт алып, кандай суммадагы каражат кетерин эсептеп чыгышыбыз керек. Андыктан учурдагы эпидемиологиялык абалды эске алуу менен жалпы эле Калкты тейлөө борборлоруна келип жаткан жарандарга кайрылып кетер элем. Кезек жаратып, башкалардын да, өзүңүздүн да убакытты коротпой, консультация үчүн телефон чалсаңыздар болот. 119 ыкчам номерибиз республика боюнча бекер иштейт жана бул жерде тажрыйбалуу адистер отурат. Алар сиздин паспортко байланыштуу бардык суроолоруңуздарга жооп беришет", — деди Конушбаев.
Ошондой эле ал аталган улуттук кампаниянын алкагында ID-картаны гана алса болорун, жалпы жарандык паспортко бул акция тиешеси жоктугун кошумчалады.