Кыргызстандын ӨКМине эки тик учак жана өрт өчүргөн 80 автоунаа келери күтүлүүдө

ӨКМдин техникалык жөндөмүн жогорулатып, атайын техника алуу үчүн Россия менен Кыргызстандын ортосунда алдын ала макулдашуу болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Россиядан эки тик учак алары күтүлүп жатат. Бул тууралуу министр Бообек Ажикеевдин айтымына таянып министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, ӨКМдин техникалык жөндөмүн жогорулатып, атайын техника алуу үчүн Россия менен Кыргызстандын ортосунда макулдашуу түзүлгөн.
"Август айынан тарта Кыргызстанга 80ден ашык өрт өчүрүүчү техника, эки тик учак жана кошумча жабдуулар кайтарымсыз негизде алып келинери пландалган", — деп айтылат маалыматта.
Министр, мындан сырткары, 2021-жылдын аягына чейин Кытай Кыргызстанга грант түрүндө 6 мобилдик госпиталь жана 100гө жакын өрт өчүрүүчү техника бере турганын айткан.
Эске салсак, учурда ӨКМдин өзүнө таандык бир дагы тик учагы жок.