Кеминде 16 жаштагы кызды өлтүрдү деп шектелип кошунасы кармалды

Окуя кечээ, 21-июнь күнү, болгон. Эртең менен мектепке барам деп үйдөн чыгып кеткен кыздын сөөгү кечинде токойдон табылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кеминде 16 жаштагы кызды кыйнап өлтүрүп, сөөгүн токойго ыргытып салган деген шек менен 42 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.
Кеминде 16 жаштагы кызды кыйнап өлтүрүп, сөөгүн токойго ыргытып салган деген шек менен 42 жаштагы киши кармалды
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 21-июнь күнү, болгон. Саат 17.30да Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, кызы түшкө чейин эле үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин айткан. Ал эми ага 15 мүнөт калганда, тагыраагы, саат 17.15те милицияга токойдо бойго жете элек кыздын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат жеткен.
Москвада мекендешин коркутуп 1 млн. рубль талап кылган кыргызстандыктар кармалды
Жерине барган милиция кызматкерлери ал энеси издеп жаткан 16 жаштагы кыздын сөөгү экенин аныктап, аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренесине ("Адам өлтүрүү") ылайык каттоого алынган.
Милициянын маркумдун энесинин көрсөтмөсүнө таянып билдиргенине караганда, кыз мектепти бүткөндүгү тууралуу күбөлүктү алуу үчүн эртең менен үйдөн чыгып кеткен. Саат 11лер чамасында коңшусунун телефонунан чалып, анын үйүндө сугат иштери бүткөндөн кийин келерин кабарлаган.
"Кыз апасына чалып алуу үчүн кошунанын телефонун, андан кийин акча сураганы айтылат. Ошол маалда ал мүмкүнчүлүктөн пайдаланып кызга асыла баштаган. Качан гана өспүрүм кыйкыра баштаганда коркуп кетип, аны муунтуп салган. Кийин сөөгүн токойго жеткирүү үчүн башка коңшусунун автоунаасын алган", — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.
Көп өтпөй укук коргоочулар шектүү катары 42 жаштагы кишини кармады. Ал мурда ээнбаштык жана алдамчылык фактылары менен бир нече жолу соттолгону аныкталган.
Маалыматка караганда, окуя кечээ, 21-июнь күнү, болгон. Саат 17.30да Кемин райондук ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылып, кызы түшкө чейин эле үйүнөн чыккан бойдон кайтып келбегенин айткан
Учурда шектүү Кемин райондук милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.