Бишкекке жаңы алып келинген автобустар кайсы жактарга каттайт? Маршрут

Борбор калаада жаңы 50 автобус эл ташып жатат. Мэрия алар кайсы маршруттар боюнча каттай турганы тууралуу маалымат берди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Жаңы автобустар үчүн беш маршруттук линия иштелип чыкты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Бүгүн линияга 50 автобус чыкты. Коомдук транспортту "Эко пассажирские перевозки" аттуу жеткирүүчү компания алып келип иштетүүдө. Автобустар төмөнкү каттамдар боюнча эл ташыйт:
№ 10 маршрут
№ 10 маршрут: Ак-Ордо конушу — Ахунбаев — 7-апрель — Чүй — Киев — Чыңгыз Айтматов;
Маршрут № 11
№ 11: Чоң-Арык — Ахунбаев — Айтматов — Киев — Тоголок Молдо — Чүй — 7-апрель;
Маршрут № 12
№ 12: Маевка айылы — Махатма Ганди — Боталиев — Абдрахманов — Сүйөркулов — Юнусалиев — Сухэ-Батор — Каралаев — Токомбаев — Көк-Жар;
Маршрут № 13
№ 13: Муромская — Чортеков — Гагарин — Кулиев — Московский — 7-апрель — Анкара — Кырман конушу;
Маршрут № 14
№ 14: 12-кичи район — Юнусалиев — Сүйөркулов — Ахунбаев — Манас — Чүй — Кулиев — Лев Толстой — Репина — Ак-Ордо конушу.