Бишкек: COVID күчөгөнүнө байланыштуу райондордо стационарлар даярдалууда

Ленин районунун жетекчиси Мурат Осмонов ачылышы мүмкүн болгон № 95 мектептеги (Жогорку Жал № 45) күндүзгү стационарды көрүп келди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июн. – Sputnik. Бишкектин район жетекчилери күндүзгү стационарларды ишке киргизүү үчүн көрүлүп жаткан даярдыктарды текшерип жатышат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Жалал-Абаддагы COVID: облустук оорукана толуп, күндүзгү стационарлар ачылмай болду
Мэриядан билдиришкендей, бүгүн, 22-июнда, борбор калаанын Ленин районунун жетекчиси Мурат Осмонов ачылышы мүмкүн болгон № 95 мектептеги (Жогорку Жал № 45) күндүзгү стационарды көрүп келди.
"Учурда аталган стационарда 10 кислороддук концентратор жана 10 даана пульсоксиметр бар. Мындан сырткары, аптека түйүнүн ачуу үчүн фармацевтикалык компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта кабелдерди орнотуп, электр кубатын киргизүү иштери аяктайт", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле район жетекчиси "Жал ынтымагы" коомдук бирикмесинин төрагасы менен жолуккан. Тараптар эпидемиологиялык абал начарлап, стационар ишке кире турган болсо кызматташууну макулдашышты.