Кыргызстанда жалпысынан 137 балдар интернаты бар. Бул тууралуу Гүлнара Жамгырчиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда ата-энелердин бала тарбиялоодогу милдетин күчөтүү зарылчылыгы келип чыкты.
"Өлкө боюнча 137 балдар интернаты бар. Анда 10 000ден ашуун бала тарбияланат. 95 пайызынын ата-энеси же алардын бирөөсү бар. Ата-энелердин көпчүлүгү экономикалык абалдан улам эмгек миграциясына чыгып кеткендер же ичкиликке берилип, балдарына жетишерлик тарбия бербей жаткан үй-бүлөлөр болуп эсептелет. Мындай үй-бүлөлөр балдарын бир, эки справканы тууралап алып интернатка өткөрүп коюп жатышат. Жыйынтыгында кылмышка аралашып, улуусу кичүүсүнө кыр көрсөткөн учурлар жана тергөө убагында балдардын укугу бузулган окуялар көп кездешүүдө. Андыктан ата-энелердин бала алдындагы милдетин күчөтүү зарыл", — деди Жамгырчиева.
Ал оптимизациянын негизинде үч балдар интернаты жоюлганын кошумчалады.