БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Быйыл окуу жылында бүтүрүүчүлөрдүн арасынан жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен эң көп баллды караколдук Жайдар Нургазиев алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Быйыл окуу жылында бүтүрүүчүлөрдүн арасынан жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖТР) жыйынтыгы менен эң көп баллды караколдук Жайдар Нургазиев
© Фото / администрация кыргызско-турецкого лицея "Сапат" имени Х. Карасаева в Караколе
Ал эң жогорку делген 250 баллдын ичинен 232сине ээ болгон.
Маалыматка караганда, Жайдар Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы "Сапат" лицейинин бүтүрүүчүсү.
Ал эң жогорку делген 250 баллдын ичинен 232сине ээ болгон.
© Фото / администрация кыргызско-турецкого лицея "Сапат" имени Х. Карасаева в Караколе
Быйыл ЖРТ 18-23-май күндөрү өткөрүлгөн. Ага 42 миңден ашык бүтүрүүчү катышты. Шарт боюнча жогорку окуу жайга тапшырууну көздөгөн ар бир адам бул тестирлөөдөн өтүшү керек.