ЖРТнын жыйынтыгы менен алтын сертификат алгандар. Тизме

Маалыматта жалпысынан Кыргызстанда ЖРТ боюнча жогорку баллга 58 бүтүрүүчү ээ болгону кабарланган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргызстанда 2020/21-окуу жылы үчүн жалпы республикалык тестирлөөнүн алдын ала жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда биринчи орунду 232 балл менен Каракол шаарынын окуучусу Жайдар Нургазиев алды. Экинчи орундагы 231 баллды бишкектик Алия Сарыгулова, үчүнчү орундагы 230 баллга Талас облусунан Сымбат Касымбекова ээ болгон.
Маалыматта жалпысынан Кыргызстан боюнча 58 окуучу жогорку баллга ээ болгону айтылган.
Эске сала кетсек, Жалпы республикалык тестирлөөнүн эң акыркы жыйынтыгы анын III этабы бүткөндөн кийин ачыкталат. Аталган этаптагы сынак 22 жана 23-июнда өтмөкчү.