ЖРТдан эң көп баллга татыган Жайдар: Гонконгдогу окуу жайга тапшырып койгом

Мыкты жыйынтыкка жеткен окуучу тестирлөөгө кантип даярданганы жана алдыдагы пландары тууралуу айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн арасындагы жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы менен эң көп балл алган караколдук Жайдар Нургазиев менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы сүйлөштү.
ЖРТ жыйынтыгы менен эң көп балл алган караколдук Жайдар Нургазиев
Жайдар тесттен 232 балл алып, алтын сертификат алган бүтүрүүчүлөрдүн сап башына чыкты. Ал Каракол шаарындагы Кусейин Карасаев атындагы "Сапат" лицейин аяктады.
Бүтүрүүчүнүн айтымында, алтын сертификат алууну пландаган, бирок бардыгынан озуп чыгам деп ойлогон эмес.
"Бейкапар ноутбукта иштеп отурсам апам келип "сүйүнчү" деди. Ага лицейдегилер чалышыптыр. Алтын сертификат алганга аракет кылгам, бирок биринчиге чыгам деп ойлобоптурмун. ЖРТга жарым жыл даярдандым. Аябай көп деле убакыт бөлгөн жокмун. Ашып кетсе бир сааттай кошумча окуп, сабактан кийин мугалимдер менен иштеп жаттым. Тестте суроолор оңой эле болду. Анан бул аралыкта социалдык тармактарды жыйыштыргам", — деди Жайдар Нургазиев.
Ал лицейди жалаң "бешке" бүтүп жатканын айтып, билим берген мугалимдерине ыраазычылык айтты.
Жайдар чет мамлекетте окууну пландап, ЖРТнын жыйынтыгы чыкканга чейин эле Гонконгдогу CityU университетине тапшырганын билдирди.
ЖРТнын жыйынтыгы менен алтын сертификат алгандар. Тизме
"Гонконгдогу окуу жайга да ЖРТнын жыйынтыгы керек болчу. Буюрса ал жактан да бекер жана стипендия менен окуганы турам. Социология факультетин тандадым. Эл менен иштеген жагат, коомдун өнүгүшүнө салым кошом деген ниетим бар", — деди бүтүрүүчү.
ЖРТдан кошумча предмет катары математика менен англис тилин тандап алган, бирок азырынча жыйынтыгы чыга элек.
Караколдук окуучу үч бир туугандын экинчиси, агасы жана иниси бар. Ата-энеси компаниялардын биринде коопсуздук кызматында иштейт.
Бош убактысында сүрөт тартып, волейбол, баскетбол, кээде компьютердик оюндарды ойнойт.