Адамдын боорукерлиги: суу каптаган апааттан кирпини сактаган кишинин видеосу

Крымдын аймагын каптаган кубаттуу циклон түйшүк жаратып, элди бир топ чыгымга кириптер кылды. Аймактарды каптаган суу киши боюна жакындаган. Чыгыш-Крым тарыхый-маданий музей-коругу суу ташкында кирпини алардын кызматкери куткарган видеону жарыялады.
Sputnik
Кадрдан сууга түшүп кетпегенге аракет кылып жаныбардын калкыган темирге бекем жабышып турганын көрүүгө болот. Эгерде ирим бир аз эле күчтөнсө, колдун башындай болгон кирпини суу жууп кетери турган иш эле. Жаныбарды байкап калган корук кызматкери аны аярлап алып, "жай" издеп жүргөнү тартылып калган.
Крымдагы алаамат, сууда калкыган автоунаалар, албууттанган сел. Видео
Ал суу биринчи кабатына бир аз жетпей калган үйлөрдүн бирине барып, жашоочусу менен сүйлөшүп, кирпини коопсуз колго тапшырган. Улгайган адам балкондон жипке байлап баштык түшүрүп, ага салынган жаныбарды кайра өзүнө тартып алган.
Маалыматта суу кечип, кирпиге жаңы кожоюн издеп жүргөн ак пейил адам Анатолий Щербак аттуу кызматкер экени айтылган.
Видеонун аягында интернет-колдонуучулардын куткарылган кирпи үчүн ага ыраазылык билдиргенин окууга болот.