"Үй алам" деп студенттерден пара алууга шектелген мугалим камакка алынды

Тараган видеого окутуучу улам бир кишиден акча алып, соңунда аны ырымдап да койгону түшүп калган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Студенттерден пара алууга шектелген Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынын Э.Г. аттуу кызматкери кармалып, УКМКнын тергөө абагына 48 саатка камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар кабарлады.
Маалыматка ылайык, кармалган кызматкер аталган окуу жайдын Ош шаарындагы филиалынын деканы болуп иштеп келген. Ал 54 жашта.
Эске сала кетсек, УКМКнын Ош шаардык жана облустук башкармалыгы тарабынан жашыруун тартылган видео жарыяланып, анда декан бир нече адамдан акча алып жаткандыгы тартылган.
УКМК пара алмакчы болгон милиция кызматкерин колго түшүрдү
Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатат.