COVID жуктургандар кайда кайрылат. Бишкектин ооруканаларындагы бош орундар

Кечээкиге салыштырмалуу бүгүн дагы үч оорукана бейтаптарга жык толуп, бош орун калбай калганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги коронавирус жуктургандарды жаткыруу үчүн Бишкектин кайсы ооруканасында канча бош орун бар экендиги тууралуу маалымат берди.
21-июнь саат 8:00гө карата берилген маалыматка ылайык, 10 ооруканада 195 орун бош. Алар:
Ал эми Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы, Улуттук хирургия жана Улуттук фтизиатрия борборлору толуп, бош орун калбай калганы айтылды.
Өткөн суткада өлкөдө 585 кишиден коронавирус табылып, 6 бейтап каза тапты.