Өзбекстан менен чектешкен аймакта логистикалык борбор курула баштады. Сүрөт

Борбордо айыл чарба продукциясын сактоо жана экспорттоо, ошондой эле жүн менен терини кайра иштетүү боюнча иштер жүрөт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында логистикалык борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
1 / 3
Ала-Бука районунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында логистикалык борбордун курулушу башталды
2 / 3
"Бай-Талаа" деп атала турган борбор Баястан айылында жайгашкан
3 / 3
Долбоор Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Наманган облусунун кызматташуу боюнча түзүлгөн жол картасынын алкагында ишке ашмакчы.
"Бай-Талаа" деп атала турган борбор Баястан айылында жайгашкан. Долбоор Жалал-Абад облусу менен Өзбекстандын Наманган облусунун кызматташуу боюнча түзүлгөн жол картасынын алкагында ишке ашмакчы.
Кеңешкени келдим… Жапаров Ат-Башы элине логистикалык борбор тууралуу айтып берди
Эки облустун аткаминерлери курулушка капсула салып беришти. Борбор болжол менен 20 гектар жерди ээлейт.
Аталган жайда айыл чарба продукциясын сактоо жана экспорттоо, ошондой эле малдын териси менен жүнүн кайра иштетүү боюнча иштер жүрөрү айтылды.
Борбордо эки миңдей жумушчу орун түзүлөрү болжолдонуп жатат. Ушу тапта тийиштүү коммуникация тартылууда.
Курулуштун биринчи этабы сентябрь айында соңуна чыгат.