Радио

Каарбаева: ЕАЭБде ишкерлерге 50 млн. сомдон баштап колдоо көрсөтүлөт

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин ЕАЭБ жана Дүйнөлүк соода уюму иштери бөлүмүнүн башчысы Назгүл Каарбаева кыргызстандык ишкерлер биримдиктин алкагында колдоо таба алышарын айтты.
Sputnik
Ишкерлер өндүргөн продукциясын ЕАЭБ алкагында экспорттоодо маселелер жаралганда жардам беребиз. Бул тууралуу Назгүл Каарбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эл аралык кызматташтыкты жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында ЕАЭБде "Интеграция" евразиялык сынагы каралып, 50 миллион сомдон баштап ишкерлер жардам ала алышат.
"Ата мекендик өндүрүштүн өнүгүшү үчүн түрдүү чектөөлөрдү коюу керек. Мисалы, үчүнчү өлкөлөрдөн келген товарларга бажы салыктарын көбөйтүп же атайын тарифтик чектөөлөрдү киргизүү аркылуу кыргызстандык ишкерлердин өндүргөн продукциясына муктаждыкты жогорулатуу жагы каралган. Мындан тышкары, жергиликтүү ишкерлерге эл аралык кызматташтыкты жана экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында ЕАЭБде "Интеграция" евразиялык сынагы каралган. Бул долбоор аркылуу ишкерлер идеяларын ишке ашырып, каржылык колдоо таба алышат. Каржылоо 50 сомдон башталат. Инвестициялык долбоорлор жыл сайын 1-марттан 30-майга чейин жана 1-сентябрдан 30-октябрга чейин жүргүзүлөт. Анда айыл чарба багытындагы да иштер каралат", — деди Каарбаева.
Ошондой эле адис ЕАЭБ алкагында ишкерлерди колдоо боюнча 7 жылдан 15 жылга чейин арзандатылган насыя берилерин кошумчалады.