100дөн ашык кишинин абалы өтө оор. COVID-19 боюнча статистика

Өлкөдө жалпысынан 2 403 киши стационарда дарыланып жатат. Анын ичинен 712 бейтаптын абалы оор болсо, 101 адамдын абалы өтө оор деп бааланды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Өткөн суткада коронавирус 585 кишиден аныкталып, 360 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө оору аныкталгандардын саны 115 615ке жетип, анын ичинен 105 410 киши дартты жеңген.
Айыккандар:
Акыркы суткада COVID-19 алты адамдын өмүрүн алган. Анын ичинен төрт бейтап Бишкекте, бирөө Ысык-Көлдө, дагы бири Ош облусунда каза тапкан. Жалпысынан өлкө боюнча вирустан каза болгондордун саны 1 937ге жетти.
Өлкөдө жалпысынан 2 403 кишинин стационарда дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 712 бейтаптын абалы оор болсо, 101 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.