Пресс-борбор

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал. Чыгымдын так суммасы жарыяланды

11-майда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Хажиматов Лейлек районунун тургундары 1 миллиард 457 миллион 837 миң сом чыгымга учураганын билдирген. Бирок ал так эмес сумма болуп чыкты.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын айынан кыргыз тарап 1 миллиард 305 миллион сом чыгымга учураган. Бул тууралуу ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучулар башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык маалымат борборунда өткөн брифингде сүйлөп жатып чек арадагы жаңжалда 220 объект, 138 үй талкаланганын кабарлады.
ӨКМдин Жарандык коргонуу жана авариялык-куткаруучулар башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаев
"Материалдык чыгым 1 миллиард 305 миллион сомду түздү", — деди подполковник.
Эске салсак, 11-майда Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Марат Хажиматов Лейлек районунун тургундары 1 миллиард 457 миллион 837 миң сом чыгымга учураганын билдирген.
Бирок ӨКМдин өкүлү анын берген маалыматы так эмес экенин белгиледи.
"Биздин маалымат так. Комиссиянын мүчөлөрү кол койгон акт дагы бар. 1 миллиард 305 миллион сом — бул акыркы жыйынтык", — деди ал.