Канда холестериндин көп экенин көрсөткөн эки белги аталды

Дарыгерлер канда холестериндин көбөйүп кетиши жүрөк-кан тамыр илдеттерине, инфаркт, инсультка кептээрин эскертип, аны көзөмөлдөп турууну белгилешкен.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Баш (желке) жана буту-колдун көп оорушу канда жаман холестерин арбын экенинен кабар бериши ыктымал. Бул тууралуу Daily Express гезитине таянып РИА Новости жазды.
Эрте келчү өлүмдөн кантип сактануу керек. Кардиологдун кеңеши
Дарыгерлер канда холестериндин көбөйүп кетиши жүрөк-кан тамыр илдеттерине, инфаркт, инсультка кептерин эскертип, кандагы холестериндин деңгээлин текшертип, көзөмөлдөп туруу зарылдыгын белгилешкен.
Буга чейин адис канда холестеринди кумшекер, майлуу, куурулган, камыр тамактар көбөйтө турганын айткан.