Хорватия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берүүгө даяр

Тышкы иштер министрлиги кеп кайсы вакцина тууралуу болуп жатканын, препараттын санын жана качан алып келинерин айткан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Хорватия коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды берүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстанга "Спутник V" вакцинасынын үчүнчү партиясы келип түштү. Видео
Казакбаев европалык кесиптештерине өлкөдөгү ички саясий реформалар жөнүндө кыскача маалымат берип, ушул жылдын ноябрь айында Кыргызстанда өтө турган ЕБ — БA биринчи экономикалык форумуна катышууга чакырды. Европалык өнөктөштөр КРдин жаңы шайланган бийлигин жана өлкөдө жүрүп жаткан саясий реформаларды саясий жактан колдой тургандыктарын ырасташкан.
"Жолугушуулардын жыйынтыгында айыл чарба, маданият, спорт жана жаштар саясаты, ошондой эле билим берүү жана илим жаатында өкмөттөр аралык макулдашуулардын долбоору тиешелүү тараптарга тапшырылды. Мындан тышкары, Хорватия тарап коронавирус инфекциясына каршы вакциналарды берүүгө даяр экендигин билдирди", — деп айтылат маалыматта.
Билдирмеде кеп кайсы вакцина тууралуу болуп жатканы, алардын саны жана качан алып келинери айтылган эмес.