Бишкектеги конуштардын биринде өзүнүн белгиси пайда болду. Сүрөт

Бул райондун стеласын "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары жасап жана орнотуп, айланасын да көрктөндүрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Ленин районунун аймагындагы Ак-Ордо конушунда аймактын өзүнүн стеласы орнотулгандыгын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Ленин районунун аймагындагы Ак-Ордо конушунда аймактын өзүнүн стеласы орнотулгандыгын мэриянын маалымат кызматы кабарлады
Аны Гагарин жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишине тургузган.
Көк-Жар жаңы конушунда сквер пайда болот
Ак-Ордонун бул белгисин "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын жумушчулары жасап, орноткон. Бийиктиги жети метр болгон стеланын өзү жана анын ири тамгалары аталган компаниянын усталарынын колунан чыккан.
Ал граниттен жасалып, тоонун элесин берип турат. Жанына отургучтар орнотулуп, көп жылдык арчалар тигилип, газон менен брусчатка төшөлгөн. Мэриядан анын бардык элементтери түндө ар түрдүү жарыктарды чачыратып күйүп турарын айтышты.