БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Республикалык штаб кыргызстандыктарды эл көп топтолгон жерлерге барбоого чакырды.
Буга чейин Бишкектин мэриясы шаардагы ишканаларды кызматкерлеринин 50 пайызын аралыктан иштөөгө өткөрүүнү сунуштаган. Калаада күндүзгү стационарлар ачылып, ооруканаларда орундар азайды.
Вирус Ош шаарында, Ош жана Чүй облустарында дагы жайылып жатканы байкалууда. Башка аймактарда дагы көрсөткүчтөр жакшы эмес.