Кыргызстандык кыз Алматыдагы жарым марафонду жеңип, акчалай сыйланды

Сатарова 21,1 чакырымга чуркаган 18 жаштан 34 жашка чейинкилердин арасынан марага биринчи жеткен. Ал жарым марафонду 1 саат 20 мүнөттө чуркап өткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Алматы шаарында өткөн эл аралык жарым марафондо кыргызстандык Гүлшан Сатарова биринчи келип, жеңишке жетти. Маалымат спорттук иш-чаранын сайтына жарыяланган.
Жарыш 20-июнь күнү Казакстандын Алматы шаарында уюштурулуп, ага 3 миңден ашык адам катышканы айтылды.
Сатарова 21,1 чакырымга чуркаган 18 жаштан 34 жашка чейинкилердин арасынан марага биринчи жеткен. Ал жарым марафонду 1 саат 20 мүнөттө чуркап өткөн. Экинчи орунга илинген кыз Кыргызстан жаранынан беш мүнөткө кеч калган.
"21,1 чакырымга чуркап алдыда келген алты жөө күлүк (үч аял, үч эркек) 1,8 миллион теңге өлчөмүндөгү байге фондун бөлүштүрүп алышкан", — деп айтылат маалыматта.
Спорттук иш-чаранын жыйынтыгын almaty-marathon.kz. сайтынан толугу менен көрө аласыздар.