Суу – бул өмүр! Марипов сугат маселесин чечүү жолдорун айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы азыркы кургакчылык шартта аталган тармактын өкүлдөрүнүн эмгеги маанилүү экенине токтолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов суу чарба кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Марипов азыркы кургакчылык шартта алардын эмгеги, иши маанилүү экенине токтолгон.
"Суу – бул өмүр! Сугат суусуз айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө жана мыкты түшүм алууга мүмкүн эмес. Бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Алдыбызда суу көйгөйүн чечүүгө, ирригациялык тармактарды оңдоого жана сугат жерлердин аянтын жогорулатууга жөндөмдүү жаңы каналдарды курууга багытталган биргелешкен иш турат. Ошол эле учурда тамчылатып сугаруу, жаңы скважиналарды казуу, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу ыкмасын активдүү пайдалануу менен тармактагы жаңы технологияларды өнүктүрүү зарыл", — деп айтылат куттуктоодо.
Министрлер кабинетинин төрагасы суу чарба кызматкерлери менен биргеликте алдыга коюлган милдеттерди толугу менен чече аларына ишенерин айтып, аларга ден соолук, бакубат жашоо, тынчтык, иштерине ийгилик каалаган.