БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. МакSим каймана аты менен чыгып келген россиялык ырчы Марина Абросимованы дарыгерлер жасалма дем алдырган аппаратка туташтырышты. Бул тууралуу РИА Новостиге анын өкүлү айтып берген.
"Кыязы, коронавирус окшойт. Бирок тест оору жок деген анализ чыгарып берди", — деген ал.
Ырчынын өкүлү Абросимованын өпкөсү катуу жабыркаганын жана сатурациясы төмөн болуп жаткандыгын айткан.
"Кандагы кычкылтектин деңгээли абдан төмөн болууда. Кычкылтекке реакция кылбай, өпкөсү тазаланбай жатат. Андыктан дарыгерлер комага түшүрүү чечимин кабыл алды", — деп түшүндүргөн.
МакSимдин бир нече күн комада жатары кошумчалаган.
"Дарыгер үмүт жараткан жетиштүү эле божомолун айтып жатат. Тагыраагы, комага түшүрүү кычкылтек жетишсиздигин пайда кылбаш үчүн аргасыздан көрүлгөн чара экенин түшүндүрдү. Андыктан азыр болгон күч-аракеттерин өпкөнү тазалоого жумшап жатат", — деген ал.
Өкүл медиктер андан соң комадан акырындап чыгарып, дарылоого анын организми кандай реакция кыларын карап турушаарын кошумчалаган.