Маал-маалы менен өткүн өтүп турат. Бир жумага карата аба ырайы

Синоптиктер жума ичинде кээ бир аймактарда түнкүсүн өткүн өтүп, күндүз күн ачык болорун айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, көпчүлүк аймактарда түнкүсүн жаан жаап, күндүзү ачык болот. Кээ бир жерде күндүз да өткүн өтөт.

Чүй облусу

21-22-23 жана 26-июнда түнкүсүн тоолуу райондордо жаан жаап өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 24-июнда күн ачык болот. Эртеси, 25-июнда, көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Бишкекте 20-26-июнда түнкүсүн жана 25-июнда күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган убакта күн ачык болот.

Талас облусу

20-22-июнда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 25-июнда күндүз жана 26-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Бирок Талас шаарында 26-июнда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош облусу

Облустун айрым жерлеринде жума бою өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Өрөөнүндө жана дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Ошондой эле түнкүсүн өткүн өтөрү айтылат.

Жалал-Абад облусу

20-21-22-июнда тоолуу райондордо жаан жаайт. 23-24-июнда жана 25-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-июнда күндүз жана 26-июнда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Баткенде 20-июнда күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. 21-24-июнда жана 25-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 25-июнда күндүз жана 26-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаай турганы айтылды.

Ысык-Көл облусу

20-июндан 24-июнга чейин көп жерде өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонууда. 25-26-июнда дагы жаанчыл болот. Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында да айрым убакта өткүн өтүп, кайра күн ачылып, кечкисин жаан жаайт.

Нарын облусу

20-21-июнда кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 22-23-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, бирок күндүз өткүн өтөт. 24-июнда жана 25-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 26-июнда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт.