Учуп келе жаткан ири астероиддин Жерге качан жакындары айтылды

NASA маалымат таратып, астероиддин узундугу 187 метрге жетерин, көлөмү болжол менен Америкадагы Эркиндик статуясынан экөө келерин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Көлөмү бир топ эле чоң болгон астероид жерди көздөй учуп келе жатат, тагыраагы, 25-июнда биздин планетага өтө эле жакындайт. Бул тууралуу РИА Новости Daily Express басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
Мындай маалыматты NASA таратып, анын узундугу 187 метрге жетерин, көлөмү болжол менен Америкадагы Эркиндик статуясынан экөө келерин айткан.
Июндун аягында кыргызстандыктар жылдыз жааган түнгө күбө болот
Аны окумуштуулар 441987 (2010 NY65) деген сандар менен аташкан. Асман телосунун секундасына 13,4 чакырым ылдамдык менен келе жатканы айтылды.
Биз жашаган планетанын чекитине жеткенде астероид Жер менен Айдын ортосунчалык аралыктай 15 ирет келген узактыкта жок кылынат. Мындай аралыкта болгону менен ал баары бир жерге жетиштүү түрдө эле жакындаган объект деп эсептелинет.
Астероиддер — Күн системасындагы бир топ эле чоң болгон асман телолору. Алар башкы жылдыздын орбитасында айланып турат. Планеталардан айырмасы таптакыр эле туура эмес формада, атмосфера жок жана жандоочу да боло албайт.