Радио

Казыбаев: кышында Сочиге барып дрифт боюнча мелдешке катышабыз

Side attack drift team эл аралык дрифт командасынын капитаны Дайыр Казыбаев Кыргызстанга автоспорттун бул түрү 2000-жылдардын башында келгенин айтты.
Sputnik
Дрифт – бул автоспорттун бир түрү. Азыр дүйнө жүзүндө өнүгүп келе жатат. Мында көрүүчү унаанын жана айдоочунун техниканы башкаруу мүмкүнчүлүгүн көрө алат. Бул тууралуу Дайыр Казыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө дрифт менен профессионалдуу түрдө 25 бала алектенет.
"Дрифт бул трассадагы траекторияга карата бурулуштардан айланып өтүү техникасы десек болот. Мелдештер кургак асфальтта, бурулуштары көп трассаларда өтөт. Мында көбүнчө арткы дөңгөлөгү тарткан унаалар колдонулат. Негизи жөнөкөй автосүйүүчүлөр унааны 2000 долларга жасап алып катышса болот, ал эми профессионалдар 10 миң долларга чейин сарпташат. Башында автосүйүүчүлөр автослалом (фигуралык айдоо), джимхана (убакытка айдоо) түрлөрү боюнча машыгып келишкен. Кийин пилоттор, автоунаалар да даяр болуп, чыныгы дрифт менен алектене баштадык. Азыр биздин төрт кишиден турган (Дайыр Казыбаев, Акылбек Өмүракунов, Тимур Губаев, Алексей Вокурин) Side attack drift team эл аралык профессионалдуу дрифт командабыз бар. Ар бир пилот автоспорт федерациясы тарабынан берилген сертификатка ээ. Бул эл аралык жарыштарга катышууга мүмкүнчүлүк берет. Ошону менен бирге Кыргызстанда да дрифт мелдештерин уюштуруудабыз. Учурда көптөгөн адамдардын колдоосунда аэропорттун жака белинде автодром салынып жатат. Быйыл ачылышы болот", — деди Казыбаев.
Кышында дрифт боюнча команда Сочиге барып мелдешке катышары кошумчаланды.