Окуудан киного качкан Чоро. Актёр Думанаевдин чыгармачылыгындагы ирмемдер

Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги чыгармачыл инсандын сүрөттөгү сейрек ирмемдерин сунуштайт.

Чоро Думанаев Нарын облусундагы Миң-Булак айылында колхозчунун үй-бүлөсүндө 1952-жылы 20-июнда туулуп, балалыгы Фрунзе шаарында агасыныкында өткөн. Себеби атасы уулунун жакшы билим алуусун көксөп борбор калаага жөнөткөн. Окуучу кезинде "Космонавттар көчөсү" фильмине тартылып маданиятка аралашып, мектепти бүткөндөн кийин жаш жигит жакындарынын сунушу менен курулуш техникумуна тапшырган. Бирок ал эч кимге айтпай окуусун таштап, Болот Шамшиевге кошулуп киного тартылганы кетип калган.

Чыңгыз жана Мария Айтматовдордун суктанткан сүрөттөрү. Жазуучуга муза эле...
Кийин Төлөмүш Океев, Геннадий Базаров, Жали Соданбек сыяктуу таланттуу режиссёрлор менен иштешип, кинематографияга баш-оту менен кирип, 1970-жылдан баштап "Кыргызфильмге", 1975-жылдан тарта Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында актёр болуп кирип, андан соң Ташкент шаарындагы театралдык институтту аяктаган.

Думанаев чыгармачылыгында "Көчө", "Ак кеме", "Кызыл алма", "Отко таазим", "Дилетант", "Ысык-Көлдүн кызгалдактары", "Каныбек", "Ак илбирстин тукуму", "Чиркин өмүр", "Шаркыратма" , "Отко таазим" сыяктуу 20дай кино картинага тартылган.

КРдин эл артисти ошол эле маалда, 1975-жылдан баштап Муратбек Рыскулов, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов өңдүү залкарлар менен иштешсе, азыр жаштарга жол көрсөтүп чогуу сахнага чыгып келүүдө.

1 / 12
Чоро Думанаев он жашында алгачкы тасмасына тартылган
2 / 12
Геннадий Базаровдун "Каныбек" кинокартинасында роль жараткан Аман Камчыбеков менен Чоро Думанаев
3 / 12
Режиссёр Юрий Борецскийдин "Шаркыратмасында" актёр башкы каарман Асандын ролун аткарып жаткан учуру
4 / 12
"Көчө" кинофильмин тартуу учуру. Сүрөттө режиссёр Геннадий Базаров, актёр Насыр Кытаев жана жаш Чоро
5 / 12
Базаровдун "Көчөсүндө" Думанаев башкы каарман Аваздын ролун аткарган
6 / 12
"Каныбек" фильминде Советбек Жумадылов менен Чоро Думанаев
7 / 12
Актёр Чоро Думанаев "Шаркыратма" тасмасында Асандын ролунда
8 / 12
Шахмат ойногон Чокморов менен анын каршылашына көз салган жаш Думанаев
9 / 12
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти жана москвалык актриса Майя Булгакова
10 / 12
Режиссёр Жали Соданбектин "Гибель во имя рождения" фильмин тартуу учуру
11 / 12
КРдин эл артисти кыргыздын күчтүү кинематографисттери менен иштешкен
12 / 12
69 жаштагы театр ишмери азыр дагы театрда эмгектенип келет