Жекшембиге карата аба ырайы

20-июнга караган түнү өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жекшембиде республика боюнча ала булут каптап турат. Кээ бир райондордо кыска убакытка жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +23...+28, Талас облусунда +25...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймагында +29...+34, Ысык-Көлдө +17...+22, Нарын өрөөнүндө +16...21 градус жылуу болот.
Ал эми Ош, Чолпон-Ата жана Бишкек шаарларында күн ачык болуп, Ошто +31...+33, Чолпон-Атада +17...+19, борбор калаада +26...+28 градуска жетери маалымдалды.