Түнкү рейддин жыйынтыгы менен канча тамактанчу жайга айып салынды? Тизме

Текшерүү учурунда муниципалитеттик кызматтар 30 объектини кыдырып чыгып, эреже бузулганын аныкташкан.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. 18-июнда жүргөн рейддин жыйынтыгы менен алты тамактануучу жай жана бир интернет-клубга жалпы 31 миң сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясы билдирди.
1 / 3
18-июнда жүргөн рейддин жыйынтыгы менен алты тамактануучу жай жана бир интернет-клубга жалпы 31 миң сомго айып салынды
2 / 3
Түндө мэриянын кызматтары ишмердүүлүктү саат 23.00дөн 07.00гө чейин чектөө боюнча чечимдер кандай аткарылып жатканын билүү максатында текшерүү жүргүзгөн
3 / 3
Айыпка жети жай жыгылды.
Түндө мэриянын кызматтары ишмердүүлүктү саат 23:00дөн 07:00гө чейин чектөө боюнча чечимдер кандай аткарылып жатканын билүү максатында текшерүү жүргүзгөн.
Айыпка жети жай жыгылды:
"Соң-Көл" рестораны менен ресто-барына санитардык нормаларды сактабаганы үчүн айып салынса, калгандары саат 23:00дөн кийин да иштегени үчүн жазаланган. Мында "Глав Пив Трест" юридикалык жак катары 13 миң сом айып төлөсө, калганынын ар бири үч миң сомдук айыпка жыгылышты.