Россиялык YouTube-блогер Бишкек менен кыргыздарды сүрөттөп берди. Видео

Кыргызстанга россиялык саякатчы-блогер Лариса Булина келип кетти. Ал өз аудиториясына Бишкек жөнүндө гана көрсөтпөстөн, кыргыздардын ким экенин билүүгө аракет кылды.
Sputnik
Берүүнүн башында автор Бишкек мурдагы Советтер Союзунун курамындагы өлкө борборлорунун ичинен анча билине бербеген шаар экенин айтат. Ошол эле учурда калаанын уникалдуу экенине токтолот. Ага кыргызстандык YouTube-блогер Адилет Ногойбаев гид болуп берген.
Баарынан дагы блогер кыргыз таануучу Мелис Мураталиев менен маектешкени кызыгуу жаратат.
"Бишкекте бир нече күн жашап, көчөлөрүндө сейилдеп, эл менен сүйлөшүп жүрүп бул шаардын башкаларга окшошпогон өзгөчөлүгү эмнеде экенин түшүндүм. Көрсө шаардыктардын жан дүйнөсү ачык экен. Мээримдүү караган көздөр, жылмаюулар, меймандостук жана тамашакөйлүк... Мына Бишкектин жүзү. Бишкек мен үчүн эркиндикти сүйгөн, күчтүү, мекен жана адилеттүүлүк үчүн күрөшкөн адамдардын шаары болуп калды. Бул адамдар менен жыргалды дагы, түйшүктү дагы бөлүшө аласың. Бул шаар менин досторумдун шаары", — деди россиялык блогер.
Ошондой эле ал кийин көк бөрү спорту боюнча атайын берүү даярдоону пландап жатканын айта кетти.