Ысык-Көлдө китепканачылардын башын бириктирген форум өтүп, мыктысы тандалат

Жыл сайын өтүп келген иш-чара быйыл президенттин "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарлыгынын негизинде өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Булан-Сөгөттү айылында 21-июнь күнү "Жаштардын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсүндө Кыргызстандын коомдук китепканаларынын ролу" аттуу XII форуму башталарын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
"Аврора" санаторийинин конференц-залында болуучу иш-чара быйыл президент Садыр Жапаровдун "Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө" жарыяланган жарлыгынын алкагында өткөрүлмөкчү. Аны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана, Кыргызстандын Ачык китепканалар ассоциациясы, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү уюштурууда.
"Форумдун негизги максаты — республиканын китепканаларынын жаштарды руханий жана адеп-ахлактык тарбиялоо жаатындагы ишин консолидациялоо, маданий-тарыхый баалуулуктарды кеңири жайылтуу, ошондой эле жаңы технологияларды өнүктүрүү, өлкөнүн китепканаларында электрондук контентти жана маалыматтар базасын түзүү", — деп айтылат маалыматта
Иш-чара 21-22-июнга белгиленген:
1-секция. Китепканалардын ишинин заманбап багыттары. Бул секцияда Кыргызстандын китепканаларынын санариптик дүйнөдөгү жаңы мүмкүнчүлүктөрү, электрондук китепканаларды түзүү үчүн техникалык базаны өнүктүрүү жөнүндөгү маселелер, COVID-19 пандемиясы учурунда окурмандарга онлайн кызмат көрсөтүүлөр каралат.
Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата логотип даярдоого сынак жарыяланды
2-секция. "Балдарга маданий-руханий тарбия берүүнү өнүктүрүү. Форумдун катышуучулары айылдык китепканаларда баланы ѳнүктүрүү борборунун ачылышынын, балдар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуунун зарылдыгы, балдарды жана алардын кызыкчылыктарын коргоо, руханий, адеп-ахлактык өнүктүрүүдө жана тарбиялоодо китепканалардын ролу жана мааниси, өсүп келе жаткан муунга бош убакытты туура пайдаланууда багыт берүү маселелерин талкуулашат.
Бул форумда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан мурда "Мыкты китепкана" наамына жарыяланган конкурстун жыйынтыгы боюнча сыйлоо аземи өтөт.
Форумдун алкагында региондордогу 12 китепканага 50 000 сом номиналындагы китептер, анын ичинде облустук, шаардык жана балдар китепканаларына сертификаттар тапшырылат.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен Резолюция кабыл алынып, анда жаштарды руханий, адеп-ахлактык жана дене тарбиялык жактан тарбиялоодогу китепканалардын ролу, калк китепканаларын санариптик форматта ѳнүктүрүү программасын ишке ашыруунун жолдору белгиленет.