Кыргызстандагы COVID: 870 киши оору жуктуруп, беш адам каза тапты

Учурда республиканын стационарларында 2 285 бейтап жатат. Ошондой эле амбулатордук түрдө 4 323 киши дарыланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 870 адамдан коронавирус аныкталды, 404 киши сакайды, тилекке каршы, беш киши өтүп кетти. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Пандемия башталгандан бери расмий түрдө 114 300 кыргызстандыктан вирус чыкты.
Тилекке каршы, өткөн суткада беш киши өтүп кетти. Алардын үчөө Бишкекте, бирөө Ошто жана дагы бирөө Жалал-Абадда дарыланып жаткан. Жалпысынан вирус 1925 кишинин өмүрүн алды.
Айыккандар:
Жалпы жонунан 104 706 бейтап ооруну жеңди.
Учурда республиканын стационарларында 2 285 бейтап жатат. Ошондой эле амбулатордук түрдө 4 323 киши дарыланууда.