Кыргызстан БУУнун башкы катчысы Гутерриштин кызматта калышын колдоду

Кечээ Гутерриш беш жылдык мөөнөткө кайрадан эл аралык уюмдун башкы катчылыгы кызматына бекиди. Ал бул ишке 2017-жылы киришип, ошол жылы Кыргызстанга келип кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Кыргызстан БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерришти ушул эле кызматта дагы беш жыл иштешин колдоду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Гутерриш дүйнө туңгуюкка кептелгенин айтып, эл башчыларына сунуш берди
Процедура боюнча ушул жылдын 8-июнунда БУУнун Коопсуздук кеңеши Антониу Гутерришти башкы катчы кызмат ордуна талапкер катары бир добуштан жактырып, уюмдун Башкы ассамблеясына аны экинчи мөөнөткө дайындоону сунуш кылган. Ал башкы катчылыкка жалгыз талапкер эле.
Гутерриш 2017-жылы бул кызматка дайындалып, ошол жылы Кыргызстанга келип кеткен.