Канаты жерге тийип... Кузбасста учак кырсыктап, 7 киши каза болду. Видео

Азырынча ЖМКлар кырсыктын ар кандай версиялары тууралуу жазып жатат. Алардын бирине караганда, техниканын бир кыймылдаткычы иштебей калган.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Россиянын Кемерово облусунда Л-410 учагы кырсыктап, адамдар көз жумду. Каза болгондордун экөө учкуч экенин РИА Новости агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, кырсык Кузбасстагы Журавлево айылына жакын жерде болгон.
"Учак жерге катуу конуп, жыйынтыгында 15 киши жаракат алды. Төрт адам каза болду", — деп айтылат билдирүүдө.
Кийинчерээк жеринде жети киши каза болуп, 13 киши жабыркаганы айтылды.
Кырсык болгон жердеги видеону "Пул №3" Telegram каналы жарыялады. 
"Учак көтөрүлөрү менен бир кыймылдаткычы иштебей калган. Кеме командири аны ыңгайлуу жерге кондурууга аракет кылган", — деп жазылат кабарда.
РЕН-ТВ каналы кабарлагандай, учакта парашютчулар болгон. Ошондой эле телеканалдын алдын ала маалыматтарга таянып билдиргенине караганда, учак башынан эле керектүү бийиктикке көтөрүлө албай артка кайрылган. Ошол учурда канаты жерге тийип кеткен.