Бишкекте түнкү жарыш старт алды. Сүрөт

Башында мелдеште 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды.
1 / 4
Бишкекте бүгүн, 19-июнда, Toyboss Night Run 2021 түнкү марафону старт алды
2 / 4
Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт
3 / 4
Башында 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен
4 / 4
Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда.
Жарыш Чокон Валиханов көчөсү менен Чүй проспектинин бир бөлүгүндө өтөт.
Башында 2000дей кишинин чуркашы күтүлсө, пандемияга байланыштуу 500үн кыскартууну чечишкен.
Бишкекте өтө турган түнкү марафондун программасы жарыяланды
Мелдешти Nomad Sport коомдук бирикмеси уюштурууда. Баш калаада жарыш үчүнчү ирет өтүүдө.
Белгилей кетчү жагдай, быйылкы жарышта катышуучулардан түшкөн каражаттын бир бөлүгү Кара-Балтадагы Улуттук Кызыл Ай коомунун балдар кризистик борборуна берилет. Аталган жайда эки жаштан 18 жашка чейинки 25 бала жашайт. Алар жетим балдар, мигранттардын балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар болуп саналат.
Спорттук иш-чарада каалоочулар футболка, рюкзак сатып алып же диагностикадан өтүп балдар борборуна жардам бере алышат.