COVID: Бишкекте кайрадан күндүзгү стационарлар ачыла баштады

Төрт райондун ар биринде 50 орундук бирден стационар ишке кирди. Шаар жетекчилиги дагы бирден күндүзгү оорукана ачууну пландап жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкекте коронавируска байланыштуу абал начарлап бара жаткандыктан кайрадан күндүзгү стационарлар ачылып жатат. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Төрт райондун ар биринде 50 орундук бирден стационар ишке кирди. Шаар жетекчилиги дагы бирден күндүзгү оорукана ачууну пландап жатат.
Даректери:
Мындай стационарлар коронавирустун биринчи толкуну мезгилинде, 2020-жылдын июнь-июль айларында ачылган. Буга ооруканаларда орундардын жетпей калышы себеп болгон.