The Washington Post басылмасы жазганына караганда, жаратылыш кубулушу Оклахома штатында болгон. Эванс алгач күн ачык болуп туруп эле куюн пайда болгонун билдирген.
"30 жыл авиацияда иштеп жүрүп мындай көрүнүшкө туш болгон эмесмин. Бул жаан-чачындан улам эмес, коюу булуттан пайда болгон куюн окшойт", — деп билдирген ал.
Жарыяланган видеодон учак куюнду айланып учканын көрүүгө болот. Торнадонун айланасында абадагы тоскоолдук болбогондуктан жеңил моторлуу учак сапарын улай алган.