Жапаров Нарын шаарынын тургундарына жолугуп, көйгөйлөрүн укту. Сүрөт

Президент менен кезиккен эл электр энергиясына болгон тарифтик саясат жана банктагы насыялардын жогорку пайыздагы коюмдары тууралуу оюн айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту
2 / 4
Жолугушууда жергиликтүү эл электр энергиясына болгон тарифтик саясат, социалдык жөлөкпулдар жана банктардагы насыялардын жогорку пайыздагы коюмдары тууралуу оюн айтышкан
3 / 4
Ошондой эле миграция боюнча көйгөйлөрү жана жеке мүнөздөгү маселелери менен бөлүшүшкөн
4 / 4
Жапаров өлкөнүн стратегиялык максаттары менен милдеттерине дал келе турган экономикалык реформаларды жүргүзүү пландары менен бөлүшкөн.
Жолугушууда жергиликтүү эл электр энергиясына болгон тарифтик саясат, социалдык жөлөк пул жана банктагы насыялардын жогорку пайыздагы коюмдары тууралуу оюн айткан. Ошондой эле миграция боюнча көйгөйлөрү жана жеке мүнөздөгү маселелери менен бөлүшкөн.
Жапаров өлкөнүн стратегиялык максаттары менен милдеттерине дал келе турган экономикалык реформаларды жүргүзүү пландары менен бөлүшкөн.
Кеңешкени келдим… Жапаров Ат-Башы элине логистикалык борбор тууралуу айтып берди
Анын айтымында, жакында жыл сайын "Кумтөр Голд Компани" ЖАКнын эсебинен Нарын облусун өнүктүрүү фондун түзүү пландалууда. Жергиликтүү тургундардын макулдугу менен Ат-Башы районуна индустриалдык соода-логистикалык борбор курулушу мүмкүн. Анда 30 миң жаңы жумуш орундары түзүлмөкчү.
Ошондой эле президент мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ишкерлерге жана инвесторлорго ар тараптуу жардам көрсөтүшү керектигин белгилеген.
Жолугушуунун жыйынтыгында Садыр Жапаров көтөрүлгөн маселелердин бардыгы көзөмөлгө алынат деп ишендирген. Аларды тез арада чечүү үчүн тиешелүү тармактык министрликтерге жана мекемелерге тапшырмалар берилген.