Радио

Эргешова: блогер, ютубердин жумушу оңой иш эмес

Lights Creative Group студиясынын долбоорлор боюнча координатору Айдай Эргешова ютубда каналды иштетүү жана каражат табуу боюнча тренингдин жыйынтыгында 33 автор ийгиликтүү иштеп жатканын айтты.
Sputnik
Россиянын каржылык колдоосу менен ПРООН ишке ашырып жаткан, жаштардын интернеттен акча табуусуна жардам берген "Санариптик жөндөмдөр жана санариптик экономикада жаштардын жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү" долбоорунун алкагында кыргызстандыктар үчүн YouTube платформасында контент жаратуу боюнча тренингдерди өткөрдүк. Ага 854 киши катышты. Бул тууралуу Айдай Эргешова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сабактар Google Classroom платформасы аркылуу жумасына эки ирет акысыз өткөрүлгөн.
"Кыргызстандыктар үчүн YouTube платформасында контент жаратуу боюнча тренингдер өттү. Орусча жана кыргызча 14төн сабак даярдалган. Анда кантип популярдуу блогер болуш керек, сценарий жазуу, видеону туура жүктөө жана кантип ал жактан акча табууга болот деген темалар камтылган. Бул долбоорго 854 адам катышты. Жашына чектөө коюлган эмес. Ар бир сабактын соңунда тапшырма берилип, сынактар өткөрүлдү. Ошентип 304 кишиге колдоо көрсөтүп, суроолоруна жооп бердик. Негизи каражат табуу үчүн миң катталуучу жана төрт миңден ашуун көрүү болуш керек. Азыр 33 автор акча таап, каналын иштетип жатат. Негизи блогерлик оңой көрүнгөнү менен видеороликтерди иштеп чыгуунун, аны жайгаштыруунун алгоритми бар. Видеонун тышкы бетин кооз, адамды кызыктыра тургандай кылып жасаш керек. Хэштег коюу, музыка колдонуу, автордук укук боюнча да маалымат берилди. Ал эми сабактарды ушул тармакта тажрыйбасы мол блогер, ютуберлер өтүштү", — деди Эргешова.
Координатор сабактар ПРООНдун алкагында иштелип чыккан жаңы платформага жүктөлөрүн, ал эми ага чейин Lights Creative Group студиясынын Instagram баракчасындагы шилтеме аркылуу курстарды көрсө болорун кошумчалады.