Тажик бийлиги өлкөдө коронавирус жок экенин, бирок пневмония күч алганын айтууда

Үстүбүздөгү жылдын башында президент Эмомали Рахмон Тажикстан коронавирусту толугу менен жеңгенин жар салган.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Тажикстанда коронавирус жайылган жок, бирок пневмонияга кабылгандар көбөйүүдө. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Эмомали Мирзоевге шилтеме берип Sputnik Жакынкы чет өлкөлөр агенттиги Telegram-каналына жазды.
Маалыматка караганда, министрлик социалдык тармактарда айтылып жаткан өлкөдө COVID-19 кайрадан күч алууда деген маалыматты четке кагып, "жөн гана пневмония жайылып жатканын" билдирди.
"Бир аптадан бери күн абдан ысык болуп турат. Мындан улам жарандар муздак суусундуктарды ичип, балмуздак көп жеп жатат. Мындай учурда өпкө жабыркап, пневмонияга алып келиши толук мүмкүн. Бул нерсе киши коронавирус болуп калды дегенди түшүндүрбөйт", — деди Мирзоев.
Эске салсак, жыл башында президент Эмомали Рахмон Тажикстан коронавирусту толугу менен жеңгенин жар салган.