БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Ат-Башы районунун эли менен жолугуп, аймакка соода-логистикалык борбор куруу боюнча маселени талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Жапаров долбоорду ишке ашырууга ар кайсы өлкөлөрдүн инвесторлору каражат салууга даярдыгын жана бул жерде көптөгөн товарларды чыгара турган өнөр жай, текстиль жана башка ишканалар ачыларын белгилеген.
"Инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдө биринчи кезекте жергиликтүү элдин пикири эске алынат. Мына ошондуктан сиздер менен кеңешкени келдим. Эгер таптакыр эле каршы чыга турган болсоңуздар анда соода-логистикалык борборду башка аймакка куруу маселеси каралышы мүмкүн", — деген президент.
Ал ошондой эле соода-логистикалык борбордун курулушу менен 30 миңге чейин жаңы жумуш ордун түзүү мүмкүнчүлүгү жаралып, бул учурда дотациядагы аймак болуп саналган Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң өбөлгө түзөрүн кошумчалаган.
Ал эми район тургундары жер бөлүп берүү маселесин өз убагында чече албаган жергиликтүү бийликтин натыйжасыз ишинен улам буга чейин аталган долбоорду ишке ашырууга каршы чыгып келишкенин белгилешкен. Жергиликтүү эл жалпысынан индустриалдык соода-логистикалык борбордун курулушун колдой турганын билдирип, калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын айтышкан.