Ошто той жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат

Муниципалитет ресторан ээлери менен администраторлорго массалык иш-чараларга буйрутма албай коё турууну эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ош шаарында 1-июлдан тарта үлпөт той, маараке сыяктуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Өткөн суткада 653 киши COVID-19 жуктуруп, 4 бейтап акка моюн сунду
Мэрия муну коронавирус жуктурган учурлардын саны өсүп жатканы менен байланыштырып, шаар "кызыл зонага" киргенин кошумчалады. Белгилей кетсек, өлкө боюнча оору көп катталгандардын саны боюнча Ош шаары 2-3-орундан түшпөй келет. Өткөн суткада аталган шаарда 73 адамдан коронавирус аныкталган.