Мечитте ок чыгарып, из жашырып кеткен. Милиция шектүүнү кармады

63 жаштагы кишиден октолгон травматикалык тапанча алынган. Ушу тапта сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Чүй районуна караштуу айылдардын бириндеги мечитте эркек киши келген адамдарды өлтүрөм деп коркутуп ок чыгарганын облустук милициядан кабарлашты.
Укук коргоо органдарына жергиликтүү тургун кайрылган. Ал 15-июнь күнү мас болуп алып мечитте намаз окуп жаткандарды коркутуп ок чыгарган кишиге карата чара көрүүнү өтүнгөн. Тапанчаны отургандардын биринин маңдайына такап, эки ирет дубалды көздөй атып, андан соң чыгып кеткенин айтып берген.
Бейбаштык фактысы боюнча иш козголгону белгилүү болду.
Тартип сакчылары шектүү катары 63 жаштагы адамды колго түшүргөн. Андан октолгон травматикалык тапанча, желим огу бар эки гильза, магазин жана 20 патрондуу таңгак алынган
Тартип сакчылары шектүү катары 63 жаштагы адамды колго түшүргөн. Андан октолгон травматикалык тапанча, желим огу бар эки гильза, магазин жана 20 патрондуу таңгак алынган.
Тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.