Казакстанда дагы сабиз менен картошка болуп көрбөгөндөй кымбаттап жатат

Казакстандын Актау облусунда сабиз менен картошкага болгон баа кескин жогорулаган. Учурда ал жакта сабиз 150 сомдон сатылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Казакстанда дагы сабиз менен картошка кымбаттап жатат.
Sputnik Казакстандын маалыматына караганда, Актауда бир килограмм сабиздин баасы 800 теңгеге чыкты (150 сомдон ашык). Ал эми республика боюнча алып караганда орточо баасы 550 теңгени түзүүдө (108 сом). Картошка болсо 500 теңгеден (99 сом) сатылууда. Баанын өзгөрүп жатканын товар ташыгандар быйылкы жаңы түшүм менен байланыштырып жатышат.
Сабиздин кымбатташы. Чүй менен Бишкекте кампалар текшерилип жатат
Казакстандын интернет аймагында валюта курсу жазылган тактага сабиз менен картошканын сүрөтүн тартып, тамашалап жатышат. Бул жашылчалар азыр доллар менен евродон кымбат.
Кыргызстанда дагы айыл чарба продукциялары кескин кымбаттап кетти. Мисалы, ошол эле сабиз 100 сомдон сатылып жатса, картошканын баасы 60-70 сом болду. Айыл чарба министрлиги жашылчанын бул түрүн сыртка чыгарууга убактылуу чектөө киргизүүнү пландап жатат.