Өткөн суткада 653 киши COVID-19 жуктуруп, 4 бейтап акка моюн сунду

Кечээтен бери Бишкекте дарттан төрт адам көз жумган. Анын үчөө Бишкек шаарынын, бири Ош шаарынын тургуну экени белгилүү болду. Илдет жалпысынан 1 920 адамдын өмүрүн алды.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда жалпы 653 кишиден коронавирус табылып, 372 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Жуктургандар:
Ушуну менен өлкөдө оору илештиргендердин жалпы саны 113 430га жетти. Анын ичинен 104 302 бейтап дартты жеңген.
Айыккандар:
Тилекке каршы, кечээтен бери Бишкекте дарттан төрт адам көз жумган. Анын үчөө Бишкек шаарынын, бири Ош шаарынын тургуну экени белгилүү болду. Илдет жалпысынан 1 920 адамдын өмүрүн алды.
Азыркы тапта 2 206 бейтап стационарда дарыланып жатат. Анын ичинен 618 бейтаптын абалы оор болсо, 95 киши өтө оор абалда. Бир сутка ичинде 20 медиктин коронавирус жуктуруп алганы аныкталган.