Кубакы ашуусунда MAN автоунаасы жардан кулап, эки киши көз жумду

Кырсык Кочкор районунда болгон. ӨКМден ушу тапта көз жумгандардын аты-жөнү такталып жатканын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда кечээ оор жүк ташуучу MAN автоунаасы жардан кулап, анын кесепетинен эки киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунда кечээ оор жүк ташуучу MAN автоунаасы жардан кулап, анын кесепетинен эки киши каза болду
"Кочкор районунда трассанын 180-чакырымында (Кубакы ашуусу) оор жүк ташуучу MAN автоунаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жардан түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен эки эркек киши каза болгон. Учурда алардын аты-жөнү такталууда", — деп айтылат маалыматта.
Кырсык болгон жерге ӨКМдин төрт куткаруучусу барган. Алар каза болгондордун сөөгүн автокөлүктөн чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берген.