Айып кагазын кайсы учурда жокко чыгарса болот? Айдоочулар үчүн пайдалуу маек

"Коопсуз шаар" долбоорунун камерасына кокустан эреже бузуп түшүп калдым деп жүрсөңүз же айып кагазында жазылгандарга макул эмес болсоңуз, анда Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалды сунуштайбыз.
Sputnik
ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси, инспектор Тилек Исаев "Коопсуз шаар" долбоору боюнча көпчүлүк кызыккан суроолорго жооп берди.
ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Тилек Исаев
— Бишкекте "Коопсуз шаардын" камералары орнотулган кесилиштерде айдоочулар зымга тизгендей. Көпчүлүгү эреже бузбаганга аракет кылышат. Бирок айрым учурда кокустук жаралып кетиши мүмкүн. Мисалы, кесилиште автоунаа бузулуп калса, аны айланып өтөм деп тилкени бөлүп турган түз чийинди басып алышы ыктымал. Кээ бир кесилиштерге кайыр сурагандар туруп алып да жолтоо болот. Ушундай кокустук учурларда камера бузулган эрежени каттап, айып кагазы чыгып келеби?
— Негизи кокусунан бузулган эрежелерге электрондук токтомдор жазылбайт. Бирок эгер жазылып, айып кагазы айдоочуга барып калса, унаа ээси аны жокко чыгаруу үчүн ЖКККББдин мониторинг борборуна кайрылса болот. Электрондук токтомдо жазылган айыпка макул болбогон айдоочулар ал кагазды колуна тийген күндөн тартып 10 күн ичинде мониторинг борборуна алып келе алышат. Атайын комиссиянын курамы бар. Алар электрондук токтомго макул болбогон айдоочунун арызын алып камералардын баарын карап, тактап, териштирип, эгер чындап эле күнөөсү жок болсо, электрондук токтомду жокко чыгарышат.
— Ошол процессти бир аз кененирээк айтып бересизби?
— Комиссиянын курамы айдоочу кайрылган күндөн тарта маалыматты кароо күнүн белгилеп, бул тууралуу унаа ээсине маалымат берилет. Ага чейин камерадагы жазуулардын баары каралып чыгат. Кокус жол эрежеси бузулбаса, анда электрондук токтом жокко чыгарылат. Бирок эреже бузулганы аныкталса, анда ал күчүндө калат. Айдоочу комиссиянын курамынын тыянагына да макул болбосо, сотко кайрылууга укуктуу.
Бүгүнкү күндө электрондук токтомдорго макул эмесмин деп кайрылгандар көп эле. Маселен, 7000ге чукул адам кайрылса, анын ичинен 5000 чукул айып кагазы жокко чыгарылган.
Бишкектеги Санариптик башкаруу борбору
— Мисалы, кандай эреже бузуулардын электрондук токтомдору жокко чыгарылды эле?
— Ар кандай учур болушу ыктымал. Маселен, камера орнотулган жол кесилишинде турганда Тез жардам же Өрт өчүрүү кызматы келип калышы ыктымал. Бул учурда жол эрежесинде жазылгандай, айдоочу атайын кызматтын автоунааларына жол бошотуп бериши керек. Жол бошотом деп түз чийинди же стоп-линияны басып алышы ыктымал. Бул учурда айдоочу жол эрежесин бузган болуп саналбайт. Анткени ал күтүүсүздөн жаралган жагдайды алдын алып жатат. Мындай кырдаалда айдоочу стоп-линияны басып албайын деп токтоп туруп албай жол бошотууга милдеттүү.
— Мындай учурда айдоочу аны кайра барып жокко чыгартса болот турбайбы...
Бишкекте төрт айда жол эрежесин бузган айдоочуларга канча айып салынды
— Албетте. Айып кагаз колго тийгенден кийин айдоочу кайсы жерден эреже бузганын көрөт. Жол эрежесин так билген адам болсо, дароо эле бузганын же бузбаганын көрөт. Ошондуктан айдоочуларга айтарым, күйүүчү май саткан, гезит-журнал саткан жерлерде 200 сомдун тегерегинде жол эрежеси тууралуу китепчелер бар, сатып алып окуп, билип алгыла. Эгер айып кагазы жол эрежесин бузбаган күндө деле чыгып келсе, аны ар бир адам далилдеп жокко чыгартып ала алат. Башкысы — 10 күндүн ичинде кайрылышы керек.
— Жол тыгындан улам камера турган кесилиштерде көчөнүн ортосунда калып калган учурлар көп кездешет. Мында айрымдарга айып кагазы чыгып келет экен, кээ бирине чыкпайт.
— Жол эрежесин сакташы керек, болду. Мисалы, тыгын болгон жерде жол чырактын жашыл белгиси күйгөн учурда дагы кесилишке чыкпашы керек. Тыгын жоюлганга чейин айдоочу ордунда болот. Эгер жашыл белги күйгөндө кыймылды баштап ортодон жолдо калып калса, анда жол чырактын кызыл белгиси күйгөн учурда да кыймылды аягына чыгарышы керек.
Эгер стоп-линиядан өтүп токтоп калса, анда бул учурда артка да, алдыга да айдабай жол чыракты күтүшү шарт.
Милиция кызматкерлери
— "Коопсуз шаар" долбоорунун камералары чет өлкөнүн номерлери тагылган автоунаалардын эреже бузган учурун каттайбы?
— Бул боюнча учурда Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы тарабынан мыйзам долбоору иштелип жатат.
Негизи чет өлкөнүн номерлери тагылган автоунаалардын эреже бузуулары катталып жатат, бирок жөнөтө турган дареги жок. Мыйзам долбоору кирип калса, сырттан келген автоунаалар үчүн өлкөгө кирип-чыгуу пунктуларына камералар орнотулуп, компьютердик система коюлуп, келип-кеткен транспорт каражаттарынын баары көзөмөлгө алынат. Чет өлкөнүн номерлери тагылган автоунааларды жол инспекторлору текшерип, тийиштүү чараларды жүргүзүп турушат.
— Мыйзам долбоору иштелип жатса, демек, азыркы тапта чет элдик номерлери бар автоунаалар эреже бузуп камерага түшүп калса, аларга айып кагазы чыгып келбейт турбайбы?
"Коопсуз шаардын" айып пулуна макул эмессизби? Каякка кантип даттанса болот
— Камерага эреже бузуп түшкөндөргө мыйзам күчүнө киргенден баштап гана чара көрө алабыз. Ага чейин инспекторлор рейд өткөрүп турушат. Анда эреже бузуп катталгандарга Кыргызстандын мыйзамдары боюнча чара көрүлөт. Ар бир транспорт каражаты өлкөгө кирүүдө белгилүү бир мөөнөткө каттоого алынат. Ошол убакыттын ичинде кирип-чыгып кетиши шарт. Мөөнөтүнөн ашык жүргөндөр, каттоого турбагандар атайын жүргүзүлгөн рейд учурунда аныкталып, айып пул салынат.
— Троллейбустарда мамлекеттик номерлер жок эмеспи. Кокус алар камера коюлган жерден эреже бузса, аны камера каттабайбы?
— Жок, бул мамлекеттик транспорт болгондуктан каттабайт. Бүгүнкү күнгө чейин троллейбустардын эреже бузган учуру катталган эмес. Негизи эле алар көп эреже бузбайт. Маселен, жай жүрөт, линиясынан чыкпайт. Анын үстүнө айдоочуларына коопсуздук боюнча инструктаж өткөрүлүп турат. Кокус алардын жол эрежесин бузганын көрүп калгандар болсо, сүрөт же видеого тартып, ошол троллейбустун артындагы Whatsapp номерге жиберсе болот.
Бишкектеги Санариптик башкаруу борбору
— Ордо калаада жол эрежесин маршрутка айдоочулары да көп бузганын көрүп жүрөбүз. Бирок айрымдары айып кагазын жокко чыгартуу үчүн чогулуп акча беришет деген имиштер эл арасында айтылып калат. Мунун канчалык чындыгы бар?
— Маршрутка айдоочулары "жол эрежесин бузбайт" деп айта албайм. Анткени алардын саны ордо калаада абдан көп. Эгер алар эреже бузуп, камерага катталса, анда аларга да милдеттүү түрдө чара көрүлөт. Айып пулду өндүрүү боюнча биздин кызматкерлердин электрондук планшеттери бар. Аны менен маршрутканын ар бирин текшерип турушат.
Москвада чет элдик айдоочулук күбөлүк менен таксиде иштөөгө тыюу салынды
Имиштер боюнча. Бирөө көрүп айтат, бирөө көрбөй айтат. Токтомдор себепсиз эле жокко чыгарылбайт. Анткени мониторинг борборунун кызматкерлеринде мындай шарт жок. Жокко чыгарылган айып пул үч жыл сакталат. Бул убакытта текшерүү органдары келип аларды көтөрүп чыгып, карап, текшериши ыктымал. Эгер электрондук токтом мыйзамсыз жокко чыгарылган болуп, андайлар табылып калса кызматкер катуу жаза алат. Электрондук токтомдо аны каттаган оператордон баштап, жокко чыгарган кызматкердин аты-жөнүнөн бери жазылат.
Айып кагазын төлөбөй жүргөндөр боюнча да айтып өтсөм. Азыр электрондук планшеттердин жардамы менен  ким айып пулун төлөбөй жүрөт, ким жол кырсыгын жасаган жерден качып кеткен, айтор, баарын тез эле аныктоого болот. Эгер жолдон аныкталып калса, айдоочунун автоунаасы айып пулду төлөмөйүнчө айып короого токтотулат.
— "Коопсуз шаардын" камералары кайсы эреженин бузулушун көп каттайт?
— Негизи эреже бузууну эң көп көчмө аппараттар каттап жатат. Ылдамдыкты жогорулатып айдап "кылтакка" илинген айдоочулар көп. Мындан сырткары, жол белгилеринин талаптарын аткарбай, жол чийиндерин басып алган учурлар да арбын кездешет.