Ишембиге карата аба ырайы

19-июнга караган түнү өлкөнүн кээ бир райондорунда өткүн өтүп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Ишембиде күндүз республиканын айрым жерлеринде өткүн өтүп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +30…+35, Талас облусунда +29…+34, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +31…+36, Ысык-Көлдө +19…+24, Нарын чөлкөмүндө +16…+21 градусту түзөт.
Күндүн табы Бишкекте +33…+35, Ош шаарында +32…+34, Чолпон-Атада +19…+21 градус болуп ысыйт.