"Ала-Тоо" аянтында милициянын заманбап бөлүмү ачылды. Сүрөт

Башкы аянттагы милициянын бөлүмү заманбап талаптарга ылайык жасалып, жаңысына алмаштырылды. ИИМ башчысы бул иштин сапатын жакшыртарын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында милициянын заманбап бөлүмү ачылып, ага ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган жетекчилер катышты. Бул тууралуу ИИМ кабарлады.
1 / 3
Бишкектин "Ала-Тоо" аянтында милициянын заманбап бөлүмү ачылып, ага ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган жетекчилер катышты
2 / 3
Ниязбеков башкы аянттагы милициянын бөлүмү капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кызматкерлердин иштөөсү жана жарандарды кабыл алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгилеген
3 / 3
Андан сырткары, туристтик милициянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган 10 электробайк тапшырылган
Ниязбеков башкы аянттагы милициянын бөлүмү капиталдык ремонттон өткөрүлүп, кызматкерлердин иштөөсү жана жарандарды кабыл алуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн белгилеген.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков
"Милиция кызматкерлери коомдук жайларда, көчөлөрдө, калк көп чогулган жерлерде коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздап, сапаттуу иштөөсү абзел. Шаардын жашоочуларына жана конокторуна сылык мамиле жасап, мыкты сервистик тейлөөнү камсыздоо керек", — деген ИИМ башчысы.
Кой-Таш окуясында жабыркаган Курманкуловго генерал-майор погону тапшырылды
Андан сырткары, туристтик милициянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган 10 электробайк тапшырылган.
"Бишкекте жакынкы күндөрү милициянын ушундай заманбап бөлүмдөрүн эс алуу жайларында, шаардын борбордук жерлеринде жана калк көп чогулган жерлерде ачуу пландалууда", — деп жазылган маалыматта.
Иш-чаранын аягында милиция кызматкерлери электробайктар менен кызмат өтөө үчүн жөнөп кетишкен.